Кыргызгидрометтин буйругунун негизинде, 2024-жылдын 22-январынан 25-январына чейин Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымыдына (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарына (Өтмөк тилкеси, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунун 1-14-чакырымдарына (Өтмөк ашуусу) жеринен изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Иш чаранын жүрүшүндө, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-чакырымынан 128-чакырымына чейинки аралыктагы кар көчкү тилкелеринде, кардын калыңдыгы 5-40 см чейин жетээри жана көп жылдын нормадан кыйла аз экени байкалды. 132-чакырымынан 135-чакырымына чейинки аралыктагы кар көчкү тилкелеринде, кардын орточо бийиктиги 50-90 смге жетип, кар катмары туруктуу экени жана ушул убака чейин 114 113м3 жеткен 12 кар көчкүсү түшуп унаа жолго жетпей токтоп калганын катталган. Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-чакырымындагы №10 кар көчкү тилкесинен, эки күндүк каттуу шамал кар катмарын учуруп кеткен жана шамалдын кесепетинен жолго жетпеген 6000м3 көлөмдөгү 2 кар күрткүсү пайда болгон. Каттуу болгон шамалдын кесепетинен 207-чакырымынан 208-чакырымына чейинки аралыктарда, көптөгөң кар күрткүлөрү пада болуп, шамалкана тоо кыркаларындагы карларды шамал учуруп кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин 221.7, 222, 223, 221, 249-чакырымдарындагы кар көчкү тилкелеринен жалпы көлөмү 146 835 м3 жеткен 14 кар көчкүсү көчүп түшүп, унаа жолго жетпей токтоп калганы катталган. Бул чектерде орточо кардын калыңдыгы 40-80см жетет жана көп жылдык нормага салыштырмалуу кыйла аз екени байкалды. 255-чакырымындагы №7-кар көчкү тилкесинде орточо кардын бийиктктиги 15-25см жетип көп жылдык нормадан аз екени аныкталды. Изилденген аймактарда кардын орточо бийиктиги, көп жылдык нормага салыштырмалуу орточо 65% түздү жана кар катмарындагы орточо жабышкактык коэфиценти 1м2 100-150 килограмм болоору, кардын орточо тыгыздыгы 1 см3 карда 0.22гр суу бар экендиги аныкталды.

Натыйжада, изилденген аймактарда кардын калыдыгы аз болгонуна, шамалдын кесепетине жана ушул убака чейин көчүп түшкөн кар көчкүлөргө байланыштуу, кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш чарасын жүргүзүү 10-15% гана эффетивдүү болоору аныкталды. Суусамыр-Талас автоунаа жолунун, 1-чакырымынан 14-чакырымына чейинки аралыктагы кар көчкү тикелерине да изилдөө иштери жеринен жүргүзүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө, Суусамыр-Талас автоунаа жолунун 1-чакырымынан 9-чакырымына чейинки аралыктагы кар көчкү тилкелеринен каттуу бологон шамалдын кесепетинен көчүп түшүп унаа жолго жетпей токтоп калган, жалпы көлөмү 22800м3 жеткен 7 кар көчкүсү катталды. Жалпы изилдөө жүргүзгөн аймакта кардын калыңдыгы 10-60 см чейин жетээрин байкалды. Каттуу болгон шамалдын кесепетине байланыштуу, тоо кыркаларынын түндүк экспозицялардан башка экспозицияларда, кар катмарын учуруп кеткенин жана кардын бийиктиги көп жылдык нормадан аз экенин аныкталды. 9-чакырымында кар казылып, кар катмарынын эң алдынкы катмарчасында туруксуз тереңинен тонгон 15 сантиметрдеги кар катмарчасы бар экени байкалды. Бирок, кар катмарынын аз болгонуна байланыштуу, азырынча кар көчкү көчүп түшүү коркунучу жок экени аныкталды. Жогорудагы аймакта кийинки каттуу жааган карга чейин, кар көчкү коркунучу жок жана кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иш чарасын жүргүзүү максатсыз деп табылды.