2024-жылдын III-кварталына карата республиканын аймагындагы радиациялык абал 

Радиациялык фон

Кыргыз Республиканын аймагындагы Кыргызгидрометтин байкоо тармагынын 20 метеостанцияда күнүгө радиациялык фон (гамма фон) өлчөнүп, Кыргызгидрометтин сайтында жайгаштырылып турду.

Кыргызгидрометтин 20 метеостанцияларынан келген маалымат боюнча 2024-жылдын июль, август, сентябрь айлар ичинде  республика боюнча радиациялык фон деңгээли 0,12-0,30 мкЗв/саат аралыгында болуп, орточо радиациялык фон 0,22 мкЗв/саатына туздү.

 

Кыргызгидрометтин территориясында күнүнө эки жолу, саат 9:00 жана 15:00 радиациялык фон ченелип, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдааларда башкаруу башкармалыгына  радиацияк фон  тууралуу маалымат эки маал берилип турду.

2024-жылдын июль, август, сентябрь айларында Кыргызгидрометтин аймагында радиациялык фон көрсөткүчү 0,19-0,26 мкЗв/саат аралыгында болуп, орточо радиациялык фон 0,23 мкЗв/саат түздү.

 

Радиоактивдүү түшүүлөр

Республиканын территориясында Кыргызгидрометтин байкоо тармагынын 6 метеостанцияда суткалык радиоактивдүү булганууга байкоолор жүргүлүлөт. Атмосфералык радиоактивдүү түшүүлөрдүн сынамдарынын жалпы (суммардык)- β активдүүлүүгү аныкталды.   

2024-жылдын III-квартал ичинде суммалык бета активдүүлүгүнүн орточо суткалык көрсөткүчү 0,2- 1,6 Бк/мсуткасына түздү.

Жыйынтык: 2024-жылдын III-квартал ичинде республиканын аймагында радиациялык абал стабилдүү, табигый булактар менен нурланууда радиациялык коопсуздукту камсыз кылуучу ченемдеринин чегинен ашкан жок.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын территориясында табигый радиациялык фон (гамма-нурлануунун кубаттуулугу) 0,30 мкЗв/саатынан ашпооосу тийиш. («Радиациялык коопсуздук жөнүндө» Техникалык регламент мыйзамынын 7.-беренеси).

Радиоактивдүү түшүүлөрдүн суммардык активдүүлүгү 110/Бк/м2 ашпоого тийиш. (Гидрометеорологиялык станциялар жана посттор боюнча көрсөтмө).

 

Республика боюнча 2024-жылдын июнь айындагы радиациялык абалы

2024-жылдын III-кварталына карата республиканын аймагындагы радиациялык абал