Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм (БДМУ).

БДМУ 193 мүчө мамлекеттерди же аймактарды камтыган өкмөттөр аралык уюм болуп эсептелет. Уюм БУУнун тутумунун Жердин атмосферасынын абалы жана кыймыл-аракети, анын кургактык жана океандар менен өз ара аракети, ал жараткан аба ырайы жана климаты, ошондой эле суу ресурстарынын акыркы бөлүштүрүү боюнча  маалыматтын беделдүү булагы катары кызмат кылат.

БДМУнун максаты:

- метеорологиянын жана гидрологиянын жана ага байланыштуу адамзаттын өнүгүшүнө көмөктөшүү;

- метеорологиялык/гидрологиялык жана башка геофизикалык байкоо жүргүзүү үчүн тармак түзүү;

- байкоолорду стандартташтыруу жана жарыялоо;

ыкчам гидрологияны өнүктүрүү;

- социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн (транспорт, суу чарба, айыл чарба, океандарды башкаруу, булганууну көзөмөлдөө ж.б. тармагында) курчап турган чөйрөнү коргоо жана саясатты иштеп чыгуу үчүн өтүнмөлөрдү алга жылдыруу;

- коркунучтардын алдын алуу жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу;

- илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн ишке ашыруу жана кадрларды даярдоо;

          - мониторинг жана метеорологиялык, климаттык, гидрологиялык жана башка курчап турган чөйрөнүн шарттарында маалымат алмашуу менен алдын ала айтуу жана тейлөө, стандартташтыруу, кабыл алуу, илимий изилдөө жана кадрларды даярдоо боюнча дүйнөлүк кызматташтыкты өнүктүрүү;

 

Кыргыз Республикасынын БДМУга катышуусу.

Кыргыз Республикасы 1994-жылдын 19-августунан бери БДМУга мүчө. БДМУ менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын жумушчу органынын функцияларын Кыргызгидромет аткарат. Кыргыз Республикасы айлана-чөйрөнүн мониторинги жаатындагы глобалдык программалардын катарына кирет.

Ошентип, БДМУнун “БДМУнун аба-ырайынын бүткүл дүйнөлүк кызматы” программасы боюнча өлкөнүн милдеттенмелеринин алкагында Кыргызгидромет 25 метеостанция боюнча маалыматтарды ыкчам режимде Глобалдык байкоо тармагына берет.                                                                  

Бул программа дүйнө жүзүндөгү маалыматтарды системалаштырууга, чогултууга жана иштетүүгө багытталган. Маалыматтардын негизинде синоптикалык карталарды, сандык продукцияларды, аба ырайын болжолдоолорду чыгаруу, климатты болжолдоо, тобокелдикти баалоо жана алдын ала шашылыш билдирүүлөрдү даярдоо ишке ашырылат.

“Климатка байкоо жүргүзүүнүн глобалдык тутуму” программасынын алкагында глобалдык алмашуу үчүн эки метеостанциянын – “Нарын” ГББ жана “Бишкек” БГМСнын климаттык маалыматтары берилет.

Климаттык мониторинг тутуму өкмөттөргө болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берүү максатында узак убакыт бою глобалдык жана аймактык климаттык өзгөрүүлөрдүн маалымат базасын түзүүгө багытталган. Парник газдарына мониторинг жүргүзүүчү Ысык-Көл (Чолпон-Ата) станциясы атмосферанын курамына глобалдык мониторинг тутумуна киргизилген.  Кыргызстан Аймактык Азия-II асоциациясынын тутумуна кирет. 

Кыргызгидрометтин директору Кыргыз Республикасынан БДМУнун туруктуу өкүлү болуп эсептелет. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Гидрометеорология боюнча Мамлекеттер аралык кеңеши (КМШ МАК).

         КМШнын Гидрометеорология боюнча Мамлекеттер аралык кеңеши 1992-жылдын 8-февралында гидрометеорология чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга ылайык, гидрометеорологиялык процесстерди болжолдоо үчүн зарыл болгон гидрометеорологиялык маалыматты өз убагында алуу жана пайдалануу маселелерин чечүү үчүн түзүлгөн, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, бийлик органдарына жана калкына өз убагында маалымдоо жана эскертүү, Шериктештикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын жана коргонуунун тармактарында натыйжалуу пайдалануу.

Кеңештин жумушчу аппаратынын функцияларын КМШнын аткаруу комитетинин коопсуздук жана жаңы чакырыктарга, коркутууларга каршы туруу жаатында кызматташуу  боюнча техногендик кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча департаменттин бөлүмү аткарат

Кеңештин ишине бардык мамлекеттер – КМШнын катышуучулары, ошондой эле Кеңештин бардык сессиясынын ишинде байкоочу катары БДМУнун делегациялары катышат.

2012-жылдын 30-майында Кеңеш тарабынан даярдалып, өкмөт башчыларынын Кеңеши тарабынан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө - мамлекеттердин гидрометеорологиялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн Стратегиясы кабыл алынган. Документ Гидрометеорологиялык иштерди, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын ишке ашырууда мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салуучу 2020-жылга чейин КМШнын экономикалык өнүгүүсүнүн Стратегиясынын жобосуна, “Гидрометеорологиялык ишмердүүлүк жөнүндө” Моделдик Мыйзамына, Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун стратегиялык планы, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык актыларына негизделген.

Ал КМШга мүчө мамлекеттер менен макулдашылган өз ара байланышкан милдеттердин, өнүгүү багыттарынын, иш-чаралардын жана аларды ишке ашыруунун этаптарынын жыйындысын, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук гидрометеорологиялык кызматтарынын ишиндеги системалуу маселелерди натыйжалуу чечет. Кеңештин сессиясы зарылчылыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

Ар бир сессияда КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук гидрометеорологиялык кызматтарынын ишинин негизги багыттары боюнча орто эсеп менен 20-25 маселе каралат.

 

  • Кызматташуунун негизги багыттары болуп эсептелет:
  • гидрметеорологиялык коопсуздук;
  • маалыматтар менен алмашуу;
  • жарандык авиациянын учууларын метеорологиялык жактан камсыздоо;
  • узак мөөнөттүү болжолдоолор;
  • климаттын глобалдын өзгөрүүчү;
  • өлчөө шаймандары жана ыкмалары;
  • гидрометеолрологиялык процесстерге активдүү таасир этүү;
  • курчап турган чөйрөнүн мониторинги;
  • байкоо тармактарынын ишмердүүлугу;
  • гляциология;
  • айыл-чарба метеорологиялы;
  • гидрология;
  • кадрлар (адистер);
  • телебайланыш жана спутниктик байланыштар;
  • шашылыш билдирүү жана кооптуу кубулуштар жөнүндө эскертүү;
  • сууну транчекаралык алып өтүү жана суу түбүндөгү чөкмөлөр.

 

  • Эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу жөнүндө.

Долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Кыргызгидромет ар кандай эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жигердүү кызматташат, мисалы Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү прогораммасы (БУУӨП), Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы ( БДАТП), эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коом (GIZ), кызматташтык жана өнүнүгүү боюнча Швецариялык агенттик ж.б.