КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 10-февралы № 85 ТОКТОМУ “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө”

 

Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган
РЕЕСТРИ (ТИЗМЕСИ)

Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы

Мамлекеттик тейлөөнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган

Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар

Мамлекеттик (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө көрсөтүүнүн шарттары

6. Маалымат менен камсыздоо тейлөөлөрү

Адистештирилген метеорологиялык, агрометеорологиялык, гидрологиялык маалымат берүү

ӨКМ

ӨКМ

Акы төлөнөт

 

 


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 16-июлу № 328 ТОКТОМУ “Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги боюнча маалымат берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”

 

Гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги жаатындагы маалыматтардын тизмеси

 

Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр

Мазмуну

I. Болжолдоо маалыматтары

Табигый гидрометеорологиялык кубулуштардын пайда болушу жөнүндө 1-5 суткага болжолдоо

Кара нөшөр, катуу шамал, суу ташкындары, кардын жаашы, кургакчылык, чаңдуу бороон, катуу суук жана ысык мезгил жөнүндө маалыматтар

Табигый кырсыктар, авариялар жана кыйроолор болгон аймактар боюнча 1-5 суткага аба ырайын болжолдоо

Өзгөчө кырдаалдар аймактарындагы авариялык-куткаруучу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү мезгилиндеги болжолдоолордун мазмуну ар бир учур боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашылат

Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча 1-5 суткага аба ырайын болжолдоо

Аба ырайынын түн ичиндеги минималдуу температурасы жана абанын күндүзгү максималдуу температурасы, атмосфералык жаан-чачын, кар аралаш бурганак, туман, үшүк, чагылгандуу жаан, мөндүр, шамалдын багыты жана ылдамдыгы, күндүн бүркөктүгү

Бишкек жана Ош шаарлары боюнча 1-3 суткага аба ырайын болжолдоо

Аба ырайынын түн ичиндеги минималдуу температурасы жана абанын күндүзгү максималдуу температурасы, атмосфералык жаан-чачын, кар аралаш бурганак, туман, үшүк, чагылгандуу жаан, мөндүр, шамалдын багыты жана ылдамдыгы, күндүн бүркөктүгү

Вегетациянын башталышына карата күздүк дан эгиндеринин күтүлүүчү абалын болжолдоо

Облустар жана жалпы Кыргыз Республикасы боюнча вегетациянын башталышына карата ар түрдүү абалдагы дан эгиндеринин аянттары

Вегетациянын башталышына карата топурактын өндүрүмдүү нымдуулугунун күтүлүүчү запасын болжолдоо

Күздүк дан эгиндеринин астындагы топурактын бир метр катмарындагы өндүрүмдүү нымдуулуктун жетиштүү же жетишсиз запастары күтүлгөн райондор

Күздүк буудайдын түшүмдүүлүгүн жана дүң жыйымын болжолдоо

Күздүк дан эгиндеринин республика боюнча күтүлүүчү түшүмдүүлүгү жана дүң жыйымы

Кышкы суук түшкөнгө чейинки күздүк кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымын болжолдоо

Кышкы суук түшкөнгө чейинки республика боюнча күздүк дан эгиндеринин ар кандай абалдагы аянттары

Вегетативдик мезгилге (апрель-сентябрь) жана вегетация айларына дарыядагы суулардын деңгээлин болжолдоо

Вегетативдик мезгилге (апрель-сентябрь) жана вегетация айларына дарыялардагы күтүлүүчү суунун чыгымы (м3/с)

Токтогул, Орто-Токой, Киров суу сактагычтарына вегетативдик мезгилге (апрель-сентябрь) суунун агып киришин болжолдоо

Токтогул, Орто-Токой, Киров суу сактагычтарындагы күтүлүүчү суунун чыгымы (м3/с) жана суунун агып кириши (млн. м3)

Вегетативдик мезгилдеги пентадада дарыядагы суулардын деңгээлин болжолдоо

Вегетативдик мезгилдеги пентадада күтүлүүчү суунун чыгымы (м3/с)

Күтүлүүчү табигый гидрологиялык кубулуштар, аба ырайынын бузулушу жөнүндө шашылыш эскертүүлөрдү түзүү

Аба ырайынын бузулушу жөнүндө шашылыш эскертүүлөрдү чыгаруунун зарылдыгына жараша түзүлөт

Жаратылыш чөйрөсүнүн экстремалдуу жогору булганышы жөнүндө маалымат

Жаратылыш чөйрөсүнүн экстремалдуу жогору булганышы аныкталган учурлар жөнүндө иш жүзүндөгү маалымат

II. Аналитикалык жана режимдик-маалымдама маалыматтар

Кыргыз Республикасынын Суу кадастрына киргизүү үчүн материалдар

Кыргыз Республикасындагы суу объекттери жана алардын суу ресурстары жөнүндө маалыматтар

Кыргыз Республикасынын аймагында агрометеорологиялык шарттарга декада үчүн сереп

Аба ырайынын шарттарына мүнөздөмө, агрометеорологиялык шарттардын талаа иштерин жүргүзүүгө тийгизген таасирин баалоо, негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшү, өнүгүшү жана түшүм бериши

Агрометеорологиялык жылдык жыйнак

Агрометеорологиялык байкоолордун бир жылга жыйынтыкталган маалыматтары

Кыргыз Республикасынын аймагындагы байкалган кооптуу (табигый) гидрометеорологиялык кубулуштарга жана аба ырайынын чукул өзгөрүшүнө бир жылдык сереп

Кыргыз Республикасынын аймагындагы аба ырайынын табигый кубулуштарынын саны, табигый гидрометеорологиялык кубулуштардын интенсивдүүлүгү жана узактыгы жөнүндө маалыматтар

Кыргыз Республикасында жаратылыш чөйрөсүнүн булганышына сереп жана "Кыргыз Республикасынын жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жөнүндө" улуттук баяндамага киргизүү үчүн материалдар

Кыргыз Республикасынын жаратылыш чөйрөсүнүн булганышы жөнүндө жыйынтыкталган маалыматтар

Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларынын сапатынын жылдык жыйнагы

Жер үстүндөгү суулардын булганышы жөнүндө жыйынтыкталган маалыматтар

Кыргыз Республикасынын шаарларында атмосферанын булганышынын абалынын жылдык жыйнагы

Кыргыз Республикасынын шаарларындагы атмосфералык абанын булганышы жөнүндө жыйынтыкталган маалыматтар

"Кыргыз Республикасынын аймагындагы радиациялык жагдай" жылдык жыйнагы

Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаратылыш чөйрөсүнүн радиоактивдүү булганышы жөнүндө жыйынтыкталган маалыматтар

Керектөөчүлөрдүн суроо-талаптары боюнча жаратылыш чөйрөсүнүн булганышынын абалы жөнүндө маалымат

Керектөөчүлөрдүн суроо-талаптары боюнча жаратылыш чөйрөсүнүн сапаты жөнүндө маалыматтар

 

 


 

КР ӨКМдин № 864 буйругу "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу гидрометеорология кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтердин прейскурантын бекитүү жөнүндө".

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин прейскурантын макулдашуу жөнүндө