Кыргызгидромет КС-29да Борбордук Азиянын мөңгүлөрү боюнча программаны Азербайжанда тааныштырды

 

2024-жылдын 11-22-ноябрында Азербайжандын Баку шаарында Климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун Алкактык Конвенциясынын 29-конференциясы (КС-29) өтүп, анда Кыргыз Республикасынын делегациясы активдүү катышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен караштуу Гидрометеорологиялык кызматы (Кыргызгидромет) Борбор Азиялык изилдөө институту менен биргеликте «Климаттын өзгөрүүсү шартында мөңгүлөрдүн азыркы көйгөйлөрү» деген темада программа даярдады.

КС-29 иш-чараларына Кыргызгидрометтен директордун орун басары Төлөгөнов Данияр Болотбекович катышты.

16-ноябрда Кыргыз Республикасынын павильонунда Борбордук Азиядагы мөңгүлөр боюнча негизги маселелерге арналган панелдик сессия болуп өттү. Бул сессияга Казакстан Республикасынын География институтунун Гляциология борборунун, Өзбекстан Республикасынын Геология жана тоо-кен өнөр жай министрлигинин Геология жана геофизика институтунун, Тажгидрометтин жана Кыргызгидрометтин өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада катышуучулар мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү боюнча алдыңкы технологияларды колдонуу перспективалары, климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо стратегиялары жана аймактын суу ресурстары боюнча актуалдуу маселелери талкууланды. Иш-чаранын негизги максаты — Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүүсүнүн мөңгүлөргө жана суу ресурстарына тийгизген таасирин тереңирээк түшүнүү жана мамлекеттик, жеке жана илимий уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болду.

Кыргызгидрометтин КС-29га катышуусу аймактагы мөңгүлөргө байланыштуу актуалдуу көйгөйлөрдү дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүгө, аларды чечүү жолдорун талкуулоого жана климаттык изилдөөлөр жана туруктуу өнүгүү жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүктү түздү.