Международное сотрудничество

Бүткүл Дүйнөлүк Банк

23 автоматтык метеорологиялык станциялардан гидрометеорологиялык байкоолордун маалыматтарын үзгүлтүксүз берүү камсыз кылынды;

-10 мануалдык гидрологиялык пост модернизацияланды жана калыбына келтирилди. Гидрометрикалык өтмөктөр жана башка күзөт каражаттары калыбына келтирилди;

— Кыргызгидромет көчмө гидрологиялык жана гидрохимиялык лаборатория менен жабдылган;

— маалымат алмашуу системаларынын көйгөйсүз иштешин камсыз кылуу үчүн сервер орнотулду.

БУУнун өнүктүрүү программасы

2023-жылдын 12-майында Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары жана Кыргызгидрометтин директору «Долон» кар көчкү станциясынын  ачылыш аземине катышты.

Фин метеорологиялык институту

2023-жылдын 7-июнунда Финляндиянын метеорологиялык институтунун колдоосу менен Кыргызгидромет тарабынан ишке ашырыла турган FINKMET III долбоорунун III этабынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардан жана бейөкмөт уюмдардан 60тан ашык адам катышты. Белгилей кетсек, иш-чарага Финляндиянын Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчиси катышты.

Учурда FINCMET III долбоорунда каралган тиешелүү багыттар боюнча  иштер жүргүзүлүүдө.

 

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы

— 8 автоматтык метеорологиялык станцияларды сатып алуу жол-жобосун аяктады, станцияларды орнотуу үчүн участокторду изилдөө иштерин жүргүздү жана жайгашкан жерлерди электр тармагына жана мобилдик байланышка кошуу боюнча уюштуруу маселелери чечилди;

— Агрометеорологиялык байкоо жүргүзүү үчүн жабдууларды жана шаймандарды сатып алып, жеткирип, 13 станцияга өткөрүп берди;

— географиялык маалымат системасынын (ГМС) инструментин колдонуу боюнча тренингдер өткөрүлдү;

— Рединг университети (Англия) тарабынан иштелип чыккан «Айыл чарбасы үчүн бирдиктүү интеграцияланган климаттык кызматтар (PICSA)» методологиясы боюнча тренинг өткөрүлдү, ошондой эле

— R-Instat программасын колдонуу менен талдоо, маалыматтарды валидациялоо жана диаграммаларды түзүү боюнча тренинг уюштурулду.

 

Азия өнүктүрүү банкы

Бүгүнкү күндө курууга пландалган гидропосттор жана алардын аймагындагы турак-жайлар боюнча:

2023-жылдын 12-апрелинде Жалал-Абад облусунун объектилерине  тендер өткөрүлдү. Баалоо боюнча отчет АӨБга бекитүү үчүн жөнөтүлдү.

2023-жылдын 21-июнунда Ош облусунун объектилерине  эки лот боюнча тендер өткөрүлдү. Учурда тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.

Нарын жана Чүй облустарынын объектилери боюнча документациялар Мамкурулушка өткөрүлүп берилди. Ысык-Ата дарыясынын гидрологиялык посту – Туюк дарыясынын куймасынын долбоордук-сметалык документтери эч кандай укук белгилөөчү документтери жок болгондуктан Мамкурулушка бериле элек.

Приборлор жана жабдуулар боюнча техникалык шарттар даярдалды, ошондой эле автоматтык жабдууларга (АМС жана АГК) техникалык шарттар даярдалууда

GIZ