Шашылыш билдирүү
2025-жылдын 16-18-сентябрларында Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы төмөндөп: 16-сентябрда күндүз жана 17-18-сентябрларда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 17…22°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 15…20°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 16…21°, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6° жылуулукка чейин күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.