2026-жылдын июль айына карата Кыргыз Республикасынын шаарларындагы атмосфералык абанын булгануу абалы боюнча маалымат

Кыргызгидрометтин Айлана - чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын маалыматына ылайык Кыргыз Республикасынын шаарларындагы атмосфералык абанын булгануу деңгээли июль айында өткөн айга салыштырмалуу бир аз өзгөргөн. Абанын экстремалдык жогорку булгануу учурлары байкалган жок.

            Июль айында өткөн айга салыштырмалуу Бишкек шаарынын атмосфералык абасында күкүрт кошкычкылынын концентрациясы жогорулап, азот кычкылынын жана кошкычкылынын концентрациялары төмөндөгөн.

            Шаардын борбордук жана түндүк-батыш бөлүгүндө абанын булгануусу орточо көрсөткүчтөрдөн жогору болду. Күкүрт кошкычкылынын орточо айлык кармалышы 0,12 ЧДК, азот кошкычкылы 2,25 ЧДК жана азот кычкылы 1,5 ЧДКны түздү.

Бишкек шаарында стационардык посттордон алынган маалыматка ылайык, июль айында азот кошкычкылы боюнча 27 күн бир жолку чоң өлчөмдөгү ЧДКдан жогору корсөткүчтөр байкалган. Башка булгоочу заттар боюнча бир жолку ЧДКдан ашуулар катталган эмес. Орточо суткалык ЧДКдан ашуулар: азот кошкычкылы боюнча 27 күн, азот кычкылы боюнча 26 күн, күкүрт кошкычкылы боюнча 1 күн катталды.

Бишкек шаарындагы стационардык посттордун маалыматына ылайык, июль айында азот кошкычкылы боюнча стандарттык индекстин көрсөткүчтөрү 1,4төн  2,9га чейин өзгөрүп, шаар аймагындагы абанын булгануу деңгээлинин ар түрдүү экендигин көрсөттү.

2026-жылдын июль айында Кара-Балта, Токмок, Чолпон-Ата жана Ош шаарларында аныкталуучу кирдетүүчү заттардын орточо-суткалык жана бир жолку чоң өлчөмдөгү концентрациялары ЧДКнын деңгээлинде болгон.

Билдирүү: ЧДК (чектүү деңгээлдеги концентрациясы) – кирдетүүчү заттын узак убакыт аралыгында күн сайын адамдын организмине таасир эткенде, эч кандай патологиялык ѳзгѳруүлѳргѳ же ооруларга алып келбеген концентрация.