Шашылыш билдирүү
8-9-декабрларда Кыргызстан аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
8-11-декабрларда абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондорунда түнкүсүн -22…-27° суук, күндүз -13…-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19° суукка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.