Шашылыш билдирүү
1-2-октябрларда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан, 1-октябрда кечке жакын дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
1-октябрда күндүз Чүй, Талас өрөөндөрүндө абанын температурасы төмөндөп 10…15°, кечке жакын 2…7° болушу күтүлөт.
2-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуулукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10° суукка чейин, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 19-24 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.