Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Run the Silk road» эл аралык ШКУ марафону болуп өттү. Ага Кыргызгидрометтен жалпы 17 кызматкер катышты. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спорттук иш-чаранын алкагында марафон - 42,19 чакырым, жарым марафон - 21,97 чакырым, 10 чакырым, 3 чакырым аралыкка чуркоо, ошондой эле скандинавиялык басуу жарыштары орун алды. Марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн алдынкы спортчулары жана Кыргызстандын женил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышты. Иш-чараны өткөрүүгө Дене тарбия жана спорт тарабынан 11 млн сом бөлүнгөн. 42,2 чакырым жана 21,1 чакырым аралыктарындагы абсолюттук зачёттогу жеңүүчүлөр үчүн байге фонду 1 млн 534 мин сомду тузот. Белгилей кетсек, 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Кел эл аралык марафонунда тиешелуу нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет. Бул World Athletics уюмунун календарлык мелдештерине киргизилген.