2024-жылдын 26-июнунан 27-июнуна чейин Үрүмчүдө 8-Кытай-Евразия көргөзмөсүнө карата «Жалпы келечектин аймактык коомчулугун курууга көмөктөшүү үчүн климаттын өзгөрүшүнүн жана метеорологиялык кырсыктардын кесепеттерин жоюу» темасында Биринчи Кытай-Борбордук Азия метеорологиялык форуму болуп өттү. Бул иш-чарага директор Мурзабеков Нуртемир Зулумович жана Борбордук Азия мамлекеттеринин Улуттук метеорологиялык жана гидрологиялык кызматтарынын (УМУМК), ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык кызматынын (ДСУ) Катчылыгынын жооптуу кызматкерлери, эксперттери катышты). Форумдун жүрүшүндө аймактык метеорологиялык кызматташтыкты бекемдөө максатында тегерек столдор семинарлары жана тематикалык талкуулар уюштурулду.