Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ

КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ

ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯ БОЮНЧА АГЕНТТИГИ

ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК БАЙКООЛОР, БОЛЖОЛДООЛОР ЖАНА МААЛЫМАТ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БАШКАРМАЛЫГЫ

 

БЮЛЛЕТЕНЬ

 

№ 8

Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын авугст айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясынын болжолдоосу

 

Бишкек 2019

 

2019-жылдын авугст айында Кыргызстандын аймактарында абанын айлык орточо температурасынын болжолдоосу

 

2019-жылдын июль айында Кыргызстандын аймактарында жаан-чачындын айлык көлөмүнүн болжолдоосу

 

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормага жакын болуп 22…24°, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 15…17° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 15…20º жылуулук тегерегинде болуп, күндүз 25…30° жылуулуктан 32…37° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11°, күндүз 23…28° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 11-18  мм, тоо этектериндеги райондордо 30-31 мм).*

2019-жылдын авугст айында Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында күтүлгөн абанын температурасынын болжолдоосунун ыктымалы

 

ТАЛАС ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормага жакын болуп 18…20° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15º, күндүз 25…30° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (6-12 мм)

2019-жылдын авугст айында Талас облусунун дыйканчылык аймактарында күтүлгөн абанын температурасынын болжолдоосунун ыктымалы

 

ОШ, ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА БАТКЕН ОБЛУСТАРЫНЫН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормага жакын болуп 23…25°, тоо этектериндеги райондордо 18…20° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 15…20° жылуулук тегерегинде болуп, күндүз 25…30° жылуулуктан 31…36° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15°,  күндүз   25…30° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (4-11 мм, тоо этектериндеги райондордо 8-32 мм).

 

2019-жылдын авугст айында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күтүлгөн абанын температурасынын болжолдоосунун ыктымалы

 

 

2019-жылдын авугст айында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде күтүлгөн абанын температурасынын болжолдоосунун ыктымалы

 

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормага жакын болуп, 16…18° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15°, күндүз 20…25° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (31-39 мм, чыгышында 53-80 мм).

2019-жылдын авугст айында Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында күтүлгөн абанын температурасынын болжолдоосунун ыктымалы

 

НАРЫН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормага жакын болуп 16…18º жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11°, күндүз 20…25° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан көп болушу күтүлөт (13-28 мм).

 

2019-жылдын авугст айында Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында күтүлгөн абанын температурасынын болжолдоосунун ыктымалы

 

ЖАЙЫТТАР ЗОНАСЫ

АЛАЙ ӨРӨӨНҮ

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормага жакын болуп 8…10º жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн  0…5° жылуу,  күндүз 14…19° жылуулук тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (31-33 мм).

 

 

2019-жылдын авугст айында Алай өрөөнүнүн чыгышында күтүлгөн абанын температурасынын болжолдоосунун ыктымалы

 

 

СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормага жакын болуп, 12…14° жылуу болушу күтүлөт.

Абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн 0…5° жылуулук тегерегинде болуп, күндүз 13…18° жылуулуктан 20...25° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (19-21 мм).

2019-жылдын авугст айында Суусамыр өрөөнүндө күтүлгөн абанын температурасынын болжолдоосунун ыктымалы

 

* - кашаалардын ичинде жаан-чачындын айлык нормасы берилди.

 

Эскертүү: ай ичинде абанын температурасынын жана жаан-чачындын болжолдоосу аба ырайынын күн сайын 24-120 саатка түзүлгөн болжолдоосу жана 144-168 саатка түзүлгөн алдын ала болжолдоолору менен тактаалат.

Массалык маалымат каражаттарында абанын температурасынын жана жаан-чачындын айлык божомолдусун ката айтууга жана сабатсыз түшүндүрмөлөрдү берүүгө жол берилбейт. Маалыматтарды пайдаланууда массалык маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин маалыматтарына таянууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасында 2019-жылдын июль айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясынын болжолдоосу Кыргызгидрометтин метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүндө даярдалды.

Башкы редактор – Кыргызгидрометтин директору А.Т.Бекилов. Редактору-Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги Т.Г.Черникова

Чыгарылган бюллетень боюнча баардык суроолор боюнча КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыз кылуу башкармалыгына  кайрылыңыздар. Дареги: 720017 Бишкек ш., Керимбеков (Карасуйская) көчөсү,1, тел: 31-46-88. www.meteo.kg.