• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    Көңүл айтуу

    Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин (Кыргызгидромет) эмгек жамааты Кыргыз Эл акыны, драматург, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы Эгемберди Эрматовдун каза болуп калгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүшөт. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун

    Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы

    24-август 2016-жыл

    КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинде мамлекеттик тил күнүнө карата бир айлыгы жарыяланып, иш чаралардын планы бекитилген. Иш пландын негизинде 2011-2016жж. мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окутуу боюнча беш жылдыктын жыйынтыгын чыгаруу белгиленген. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча тил комиссиясы, иш планда белгиленген мамлекеттик тилди өздөштүрүү жана мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча агенттиктин 11 кызматкеринен тест алынды. Орус улутундагы 7 кызматкер тест тапшырышты. Тестте 30 суроо берилген, 2 вариантта, биринчиси орус улутундагы кызматкерлерге ылайыкталып түзүлгөн. Тесттин жыйынтыгы боюнча бардык кызматкерлер 50%дан жогору упай алышты жана мамлекеттик тилди өздөштүрүү агенттиктин кызматкерлери арасында өнүгүү жолунда бараткандыгы байкалганын, комиссиянын төрагасы Канатбек Чолпонбаевич Сагынов белгилеп кетти.

    Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча тил комиссиясынын отурумунда мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө зор салымын кошкон айрым кызматкерлерди сыйлоого көрсөттүү боюнча чечим кабыл алынды..



    Агенттиктин директорунун орун басары К.Ч.Сагынов Комиссиянын төрагасы



    Тест тапшырып жаткан кызматкерлер

    КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинде

    мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана окутуу жөнүндө

    Агенттикте ар жуманын үчүнчү (шаршемби) күнү-мамлекеттик тил күнү деп жарыяланып, анда мамлекеттик тил жөнүндө маанилүү документтер, кыргыз тарыхынын урунттуу учурлары, көрүнүктүү адамдары тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берилүүдө.

    Мамлекеттик тилди окутуу боюнча:
    2012-жылдан - 2015-жылдардын аралыгында мамлекеттик тил боюнча курстардан өткөн кызматкерлердин саны-26.
    2015-жылы мамлекеттик тил боюнча улантуучу тайпада окуп бүтүп тастыктама алган кызматкерлердин саны-9.
    2016-жылы мамлекеттик тил боюнча курстардан өткөндөрдүн саны-3.
    Мамлекеттик тил боюнча окуу курстарынан өтүшкөн кызматкерлердин жалпы саны -38.
    2015-жылдан баштап 2016-жылы окуусун улантып А1, А2 деңгээлдеринде окууну аяктагандардын саны -14, дистанттык окуу боюнча программаларды пайдаланып жаткандардын саны-18.

    ЭНЕ ТИЛИН-УРМАТТАЙЛЫ, СЫЙЛАЙЛЫ!

    КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинде (Кыргызгидромет) 2016-жылдын 14-январында “Кыргызгидрометтин 2016-жылга мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Программасын бекитүү жөнүндө” №4 буйругу чыккан. №4 буйрукта малекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Программасы жана тил комиссиясынын курамы бекитилген.

    2016-жылдын 3-августунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча тил комиссиясы бекитилген Программага ылайык, кезектеги жыйынын өткөрдү. Отурумда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча тил комиссиясынын Жобосунун долбоору талкууланып, долбоор жактырылып кабыл алынып, агенттиктин директору З.С.Итибаевдин бекитүүсүнө сунуш кылынды.

    Жыйында, Кыргызгидрометте мамлекеттик тилдин бир айлыгы жарялангандыгына байланыштуу бул багытта кабыл алынган иш чаралардын натыйжалуу өткөрүлүүсүнө айрыкча басым жасалып, комиссия мүчөлөрү тарабынан бир катар алгылыктуу иштерди жөнгө салуу жактары белгиленди.

    Буйрук
    Жобо
    Кыргыз тил боюнча бир айлыктын иш планы

    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 29.03.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.