Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги

Кыргыз Республикасынын аймагында 22-августта саат 09:00 дөн 23-августта саат 09:00 нө чейин байкалган аба-ырайы жөнүндө маалымат

 

Күндүз Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Арча капчыгайында, Суусамыр өрөөнүндө, Кочкор, Жети-Өгүз, Ысык-Ата, Түп райондорунда жана Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында күн күркүрөдү.

22-августта күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Кочкор районунда жаан-чачын катталды (0,0-5,8 мм). Абанын күндүзгү жогорку температурасы Чүй өрөөнүндө 29…34°, Талас өрөөнүндө 30…31°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 31…35°, Ысык-Көл ойдуңунда 21…25°,  Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 23…28° жылуу болду.

23-августта түнкүсүн Кочкор районунда жана Бишкек шаарында бир аз жаан катталды (0,0-3,0 мм). Абанын түнкү төмөнкү температурасы Чүй өрөөнүндө 13…18°,  Талас өрөөнүндө 11…13°, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 15…21°, Ысык-Көл ойдуңунда 9…14°, Түп районунда 7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 6…11° жылуу болду.

Бишкек шаарында 22-августта абанын суткалык орточо температурасы климаттык нормадан 5,2° жогору болду.                         22-августта күндүз абанын күндүзгү жогорку температурасы 34°,  23-августта түнкү төмөнкү температурасы 17° жылуу болду.

Ош шаарында 22-августта күндүз абанын жогорку температурасы 34°, 23-августта түнкүсүн төмөнкү температурасы 18° жылуу болду.